Компания жөнүндө

ОсОО «Инженер» компаниясы - электрдик жумуштардын ар түрдүү түрлөрүн тез жана арзан жүргүзө алган кесипкөй электр подрядчы уюму.

ОсОО «Инженер» компаниясы 2015-жылдын 23-мартында түзүлгөн. Буга чейин аталган компаниянын кызматкерлери илим изилдоо институттарында, билим беруу тармагында жана ыктыярдуу патенттин негизинде жеке ишкер катары эмгектенишкен. Компаниянын курамы негизинен интеллектуалдык инженерлерден жана өндүрүштүн тажрыйбалуу адистеринен турат.

Көптөгөн интеллектуалдык эмгектин кызматкерлери өз изилдөөлөрүнүн натыйжаларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк таба алышпайт. Ошол эле учурда, өндүрүшто кайсы бир маселени чечуудо туура чечим кабыл алуу учун эсептөөлөрду жана изилдөө иштерин жүргүзүүдө кыйынчылыктар кездешет. ОсОО "Инженер" компаниясы интелект менен тажрыйбанын биргелешип иштоосунун натыйжаларын колдоно алат деп айта алабыз.

Инженер (англисче. Лат. Ingenium - жөндөмдүүлүк, тапкычтык ) - инженердик иш менен алектенген адис.

Эреже катары, инженерлер инженердиктин предмети болгон техникалык шаймандардын жашоо циклинин бардык процесстерине, анын ичинде колдонулуучу изилдөө, пландаштыруу, долбоорлоо, курулуш, өндүрүш технологиясын (курулуш) иштеп чыгуу, техникалык документтерди даярдоо, өндүрүү, эксплуатациялоо, сыноо, эксплуатация, техникалык тейлөө, оңдоо жана сапатын башкаруу сыяктуу иштерге катышат.

Инженердин ишмердүүлүгүнүн негизги мазмуну жаңы инженердик чечимдерди иштеп чыгуу жана оптимизациялоо болуп саналат. Мисалы, дизайн чечимин оптималдаштыруу (анын ичинде варианттын дизайны), технологияны оптималдаштыруу, башкаруу жана пландаштыруу, иштеп чыгууну башкаруу жана өндүрүштү түз көзөмөлдөө. Жаңы инженердик чечимдер көбүнчө ойлоп табууларга которулат. Өз ишинде инженер фундаменталдык жана прикладдык илимдерге таянат.

Биздин компания электр монтажы жаатындагы көп жылдык тажрыйбасын арттырууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн технологиясын жана сапатын өркүндөтүуго жана биздин ишмердүүлүктун тармактарын кеңейтүүго дайыма умтулат. Демек, электр монтажы жаатындагы мыкты адис катары кардарларыбыз үчүн ишенимдүү өнөктөш боло алабыз деп ишенебиз.